Мал чарбасына багытталган насыялардын натыйжалуулугу бааланды

Мал чарбасына багытталган насыялардын натыйжалуулугу бааланды

Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М.И. Дуйшеев "Айыл Банк" ААКтын жана "Элдик Банк" ААКтын жетекчилиги менен биргеликте Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондоруна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө агроөнөр жай комплексин колдоо боюнча мамлекеттик программалардын алкагында жеңилдетилген насыя алып, малды бордоп семиртүү жана көбөйтүү менен алектенген бир катар мал чарба субъектилеринин иши менен таанышты.

Сапардын негизги максаты – долбоорлордун иш жүзүндөгү жыйынтыктарын көрүү, жеңилдетилген кредиттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына баа берүү болду. Ошондой эле фермерлер жана ишкерлер менен жолугушууларда эт продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, мал башын арттыруу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана айыл жергесинде жумуш орундарын түзүү маселелери талкууланды.

Иш сапардын жыйынтыгында жеңилдетилген насыялоо эт мал чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого оң таасир берери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media