"Аалам строй" ЖЧКсына 3 млн сом айып пул салынды

"Аалам строй" ЖЧКсына 3 млн сом айып пул салынды

Кечээ КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшергенин министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүү учурунда “Аалам Строй” ЖЧКсына таандык Анкара көчөсү 3а дарегиндеги турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулгандыгы аныкталды. Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун үлүш ээлерине пайдалануугамыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Аалам Строй” ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 млн сомду түздү.

Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media