Кыргызстанда 5,5 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Кыргызстанда 5,5 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия катталган. Эң жогорку суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Учурда республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3%ды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56,5 миң адам, анын ичинен 38,1 миңи расмий жумушсуз катары катталган. 2025-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 17 454 жаран жумушка орноштурулган.

Министрликтин маалыматына ылайык, кызмат көрсөтүү тармагында 1 296 бош жумуш орду бар. Алардын ичинде:
  • мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарынын тарбиячылары – 350;
  • медициналык кызматкерлер – 320;
  • бухгалтерлер – 150;
  • кассирлер – 151;
  • менеджерлер – 95;
  • администраторлор – 96;
  • экономисттер – 40;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 36;
  • юристтер – 24;
  • сатуу агенттери – 63.
Ал эми жумушчу кесиптер боюнча 4 251 бош вакансия катталган. Анын ичинде:
  • тигүүчүлөр – 1 850;
  • айдоочулар – 1 000;
  • ашпозчулар – 420;
  • соода агенттери – 400;
  • курулуш тармагынын кызматкерлери – 373;
  • компьютердик адистер – 253;
  • ширетүүчүлөр – 150;
  • тейлөө тармагынын кызматкерлери – 178.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, орточо айлык маяна:
  • финансы тармагында – 67 121 сом;
  • өнөр жайда – 66 990 сом;
  • транспортто – 58 657 сом;
  • курулушта – 57 472 сом;
  • соода-сатыкта – 47 125 сом;
  • айыл чарбасында – 33 462 сом;
  • кызмат көрсөтүү тармагында – 29 679 сом;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөөдө – 28 082 сом;
  • билим берүүдө – 27 054 сом;
  • маданият тармагында – 24 861 сомду түзөт.

Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты аймактык иш менен камсыз кылуу кызматтарынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media