Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылат. АИС ЕИСВ ирригациялык объектилер, суу пайдалануучулар жана суу чарба курулмалары боюнча маалыматтарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте топтойт.

Система ГИС технологиялары менен интеграцияланган, мейкиндиктик маалыматтарды жана айыл чарба өсүмдүктөрүн эске алуу менен талдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

АИС ЕИСВди Кыргызстан боюнча толук масштабда 2026-жылдын башына колдонууга киргизүү пландалууда. Кийинчерээк система модернизацияланып, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ведомствонун кызматтары автоматташтырылат жана суу пайдалануучулар үчүн санариптик сервистер ишке киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media