Кыргызстан Россиядан санарип ветеринардык көзөмөл боюнча тажрыйба алды

Кыргызстан Россиядан санарип ветеринардык көзөмөл боюнча тажрыйба алды

Москва шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы — Россельхознадзор менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Кыргыз делегациясын министрдин орун басары Асель Кененбаева, ал эми Россия тараптан Россельхознадзордун жетекчисинин орун басары Константин Савенков жетектеди.

Жолугушуунун негизги максаты — ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдө колдонулуп жаткан санариптик маалыматтык системалардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу болду. Айрыкча ФГИС "ВетИС" системасына, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды электрондук тариздөө тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.

Визиттин алкагында Россиянын мамлекеттик көзөмөлдү санариптештирүү боюнча тажрыйбасы изилденип, алынган билимдерди Кыргызстанда улуттук санариптик чечимдерди иштеп чыгууда жана киргизүүдө колдонуу пландалууда.

Мындан тышкары, кыргызстандык адистер Россельхознадзорго караштуу мекемелерде практикалык таанышуу иш-чараларын улантып, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тармагындагы бирдиктүү маалыматтык системалардын иши менен жеринде таанышышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media