Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көлөмдүн ичинде азоттук жер семирткичтер жазгы талаа иштерине 96,2 миң тонна, фосфордук — 71,5 миң тонна, калийдик — 15,2 миң тонна түзөт.

2026-жылдын 20-январына карата республикага жалпы 21,5 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келген, анын ичинен жеке компаниялардын сатуу кампаларында бүгүнкү күндө 19,2 миң тонна минералдык жер семирткичтер сатууда бар.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 22.12.2025-ж. №124 буйругунун негизинде, республика аймагына кирип жаткан минералдык жер семирткичтер (авто жана темир жол аркылуу) Департаменттин чек ара фитосанитардык пункттары аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Бул чаралар айыл чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media