Ош шаарындагы борбордук стадиондун бир бөлүгү мамлекетке кайтарылып берилди

Ош шаарындагы борбордук стадиондун бир бөлүгү мамлекетке кайтарылып берилди

КР УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурундагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча иштердин алкагында — Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, анын ажырагыс бөлүгү болгон жалпы аянты 2700 м2 курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

«Социалдык инфраструктура объектилерин андан ары пайдаланууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объектилери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатууга тыйуу салынган.

Ошондой эле мындай объектилер алардын балансында болсо же менчиктештирүү учурунда алардын учурдагы колдонулушу сакталып калган шартта бекер өткөрүлүп берилсе да, аларды сатууга уруксат берилбейт.

УКМКнын маалымат кызматынын билдиргендей, жогоруда аталган Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагындагы жер тилкеси белгиленген Жарлыкты бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди. Бул аракеттер шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, жагымдуу чөйрөнү түзөт жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media