Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгын аныкташты.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Business House KG” ЖЧКсына кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле, башкармалык тарабынан облустун алыскы аймактарындагы социалдык объектилердеги курулуштун сапаты да текшерилүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду