Жибек жолунда курулуп жаткан көпүрөдө сапатсыз тосмолор аныкталды

Жибек жолунда курулуп жаткан көпүрөдө сапатсыз тосмолор аныкталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилерде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш сапардын алкагында мэр Жибек жолу проспектисинде курулуп жаткан алты тилкелүү жаңы көпүрөгө барып, сапатсыз тосмолор аныкталганын айтып, подрядчы менен түзүлгөн келишимди кыска мөөнөттө бузуу тапшырмасын берди. Ошондой эле дарыянын нугундагы жана ЖЭБдин техникалык каналындагы мыйзамсыз курулуштарды текшерүү жана демонтаждоо тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Ауэзов көчөсүндөгү көрктөндүрүү иштерин, Шабдан Баатыр көчөсүндө променаддык аймак түзүү, Сагымбай Манасчы көчөсүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу жана Шабдан Баатырдан Сагымбай Манасчыга чейин жаңы көпүрө куруу пландарын карап чыкты.

Мэр мындай көчмө кароону шаардагы башка объектилерде да жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media