Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Кечээ, Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имарат өз эшигин ачты.

Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты.

Мэр Жеңишбек Токторбаев ачылышта шаар тургундарына маалымдагандай, 2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана бала бакчалар үчүн 1 млрд 300 млн сом бөлүнгөн. Ал кошумчалады, жаңы имарат эскилиги жетип, оор шартта иштеп келген бала бакчанын билим берүү сапатын жакшыртат.

Жаңы 100 орундуу имарат заманбап класстар, оюн аянтчалары жана коопсуз инфратүзүм менен камсыздалган. Эски имарат да толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезелери алмаштырылды, фасады оңдолду, балдар үчүн беседкалар жана отургучтар орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media