Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Кыргызстанда алимент төлөөдөн системалуу түрдө качкан 1 миң 200дөн ашык жаран издөөдө экенин Башкы прокуратура "Кабар" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1 миң 205 алимент төлөбөгөн адамга расмий түрдө издөө жарыяланып, алар боюнча аткаруу өндүрүштөрү убактылуу токтотулган.

Өткөн жыл ичинде алимент төлөөдөн туруктуу баш тарткан жарандарга чара көрүү максатында Ички иштер министрлигине 1 миң 124 материал жөнөтүлгөн. Аларды кароонун жыйынтыгында:

280 карызкорго айып пул салынган;
63 жаран коомдук иштерге тартылган;
244 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган;
18 материал кемчиликтерди жоюу үчүн кайра кайтарылган;
143 өндүрүш токтотулган;
376 материал учурда кароо стадиясында турат.

Жалпысынан 2025-жылы алименттик милдеттенмелер боюнча 690 миллион 541 миң 822 сом өндүрүлүп алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media