Накталай эмес төлөмдөрдү текшерүү жыл аягына чейин токтотулду

Накталай эмес төлөмдөрдү текшерүү жыл аягына чейин токтотулду

Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата төлөм жабдууларын колдонуу боюнча, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууда салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча рейддик салык көзөмөлдү жүргүзүү убактылуу токтотулганын билдирди.

Эми электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу операцияларды жүргүзүүдө ишкердик үчүн атайын банктык эсепти колдонуу талаптары боюнча көзөмөл да убактылуу токтотулат.

Бул чечим 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болуп, төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат:

  • 0 жана 0,5%дык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
  • патенттин негизинде;
  • өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөндөргө;

Ошол эле учурда мораторий төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:

  • салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
  • уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
  • салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
  • акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин арасында төлөм жабдууларын колдонуу, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдүү улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media