Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Ысык-Көлдө чатыры ураган мектеп боюнча Курулуш министрлигинин түшүндүрмөсү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылындагы 150 орундуу Ислам Касмалиев атындагы мектептин чатыры 18-январда калың кардын кесепетинен урап түшкөн. Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түшүндүрмө берди.

Мектеп пайдаланууга берилген эмес, себеби чатыр орнотуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан кабыл алынган эмес. Курулуш “Ас-Салам” фонду тарабынан каржыланып, “Энержи-Нур строй” ЖЧКсы аткарган.

Чатыры урап түшкөндөн кийин компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилди, чатыр толук калыбына келтирилди жана 200 миң сом айып салынды. Лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат.

Алдыда жаңы мектепти кабыл алуу боюнча тиешелүү органдар тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оң корутунду берилгенден кийин гана Ысык-Көл регионалдык архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан объект расмий пайдаланууга берилет, — деп билдирет министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media