Алайда прокуратуранын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Алайда прокуратуранын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош облусунун Алай районунда прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имараттын ачылыш аземине Башкы прокурор Асаналиев Максат Кубатович катышты. Ал өз сөзүндө мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Башкы прокурордун айтымында, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга кошумча дем берет.

Белгилей кетсек, Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулган, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имарат кыска мөөнөттө толугу менен курулуп, кызматкерлер заманбап жана бардык зарыл шарттар менен камсыздалды.

Учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдүк ишмердүүлүктүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында бир катар кызматтык объекттердин курулушу ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media