Кыргызстан менен Азербайжан айыл чарба инвестицияларын талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан айыл чарба инвестицияларын талкуулады

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууга министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов жана долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы И.А. Анарбеков катышты. Фонддун атынан тең төрагалары жана башкармалыктын мүчөлөрү болду.

Жолугушуунун негизги темасы айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инвестициялык кызматташтык маселелери болду. Тараптар агрардык сектордун учурдагы абалын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Айрыкча айыл чарба өндүрүшүн модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, анын ичинде этти кайра иштетүү, мал тоюттарын өндүрүү, картошка өстүрүү жана күнөскана комплекстерин куруу маселелерине көңүл бурулду.

Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Министрлик "Министрликтин 100 долбоору" программасынын алкагындагы потенциалдуу демилгелерди сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча консультацияларды улантуу тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу