Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарынын аймагында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жалпы аянты 5 943 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1999-2002-жылдары Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Атап айтканда, М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына таандык 1 500 чарчы метр жер тилкеси, С. Орозбак көчөсүндө жайгашкан 3 948 чарчы метр жер тилкеси (ун базар), ошондой эле Ат-Башы көчөсүндөгү 495 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 185 млн 920 миң сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга фискалдык система киргизилгенден кийин салыктар 60%га өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. Салык кызматынын