Өткөн жылы Кыргызстандан 2 031 чет өлкөлүк жаран депортацияланган

Өткөн жылы Кыргызстандан 2 031 чет өлкөлүк жаран депортацияланган

Өткөн жылы Кыргызстандан миграциялык мыйзамдарды бузган 2 031 чет өлкөлүк жаран депортацияланган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арада жана өлкө аймагында миграциялык жана чек аралык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө учурунда документтери талапка жооп бербеген 28 миң 593 адам аныкталган.

Алардын ичинен 28 миң адамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө уруксат берилген эмес. Ошондой эле өлкөдө болуу эрежелерин бузган 2 031 чет өлкөлүк жаранга карата депортациялоо чарасы көрүлгөн.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоо менен бирге, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу кирүүсү үчүн ачык жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу иштерин улантууда, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9