Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин барында тең жеңишке жетишти.

Кыргызстандын курама командасы Гонконгду - 4:1, Түштүк Африка Республикасын - 7:2, Иранды - 15:1, Люксембургду - 5:3 жана Мексиканы - 7:4 эсебинде утту.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн болгон 15 упайдын барын топтоп, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.

Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти