2025-жылы Жалал-Абаддан 3,8 млн кг жаңгак экспорттолгон

2025-жылы Жалал-Абаддан 3,8 млн кг жаңгак экспорттолгон

2025-жылдын январь–сентябрь айларында Жалал-Абад облусунан 3,8 млн килограмм жаңгак экспорттолгон.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда 35 миң гектардан ашуун жаңгак токой аянты бар. Алар негизинен Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда жайгашкан.

Белгиленгендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча облус аймагынан жаңгак жана жаңгак маңызынын экспорту 1 млрд 347 млн сомдон ашкан.

Талкуунун жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев жаңгак аянттарын сактоо жана кеңейтүү, ошондой эле продукцияны кайра иштетүүнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, илимий адистерди тартуу кластердин туруктуулугун жана экономикалык натыйжалуулугун жогорулатат.

Жыйындын негизги максаты — облус аймагындагы 2000ден ашуун фермерге пайда алып келе турган, экономикалык жактан негизделген жана туруктуу жаңгак-жемиш кластерин түзүү үчүн сапаттуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media