Ошто күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Ошто күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу жана жүгүртүүнү аныктоо максатында рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Текшерүү учурунда тиешелүү уруксат кагаздары жок, беш автоцистерна аркылуу белгиленбеген аймактарда көчмө чекене соода жүргүзгөн мыйзамсыз күйүүчү май сатуу түйүндөрү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынды. Транспорт каражаттары айып жайга токтотулуп, күйүүчү-майлоочу материалдар алынды. Чогултулган материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз күйүүчү май сатууга каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мунайзаттарды чекене сатууга контролдук-кассалык машиналар, атайын отун таратуучу жабдуулар жана автоматташтырылган эсепке алуу системалары бар автомай куюучу жана газ толтуруучу станцияларда гана уруксат берилет, – деп айтылат маалыматта.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти