Жети-Өгүздө 3 миллиондон ашык сом алдамчылык кылгандар кармалды

Жети-Өгүздө 3  миллиондон ашык сом алдамчылык кылгандар кармалды

Жети-Өгүз районунда ири алдамчылыктын бети ачылганы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясыдан билдиришти. Милицияга Дархан айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын 37 баш коюн алып, жасалма "кызыл китеп" калтыруу менен 245 миң сомун бербей качып кеткенин билдирген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында - 1989-жылы туулган Н.Г., 1986-жылы туулган К.А. жана 1995-жылы туулган М.С. шектүү катары кармалды.

Алар ушундай эле жол менен дагы 9 жаранды алдаганы аныкталып, жалпы 10 кылмыш иши козголгон.

Жалпы чыгым 3 млн 342 миң сомду түзүп, анын 1 млн 598 миң сому жабырлануучуларга өндүрүлүп берилди.

Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, Жети-Өгүз райондук соту тарабынан аларга карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media