Бишкекке кошулган аймактарды өнүктүрүүнүн 5 жылдык планы сунушталды

Бишкекке кошулган аймактарды өнүктүрүүнүн 5 жылдык планы сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы 2026-жылдын 19-январында административдик-аймактык реформа алкагында борбор калаага кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата Иш-чаралар планынын токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

2024-жылдын 18-июлундагы №128 Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын карамагына 24 калктуу конушту камтыган 8 айыл аймагы өткөрүлүп берилип, шаардын аянты 12,9 миң гектардан 41 миң гектарга чейин кеңейди.

Шаарга 15 588,96 гектар айыл чарба багытындагы жерлер жана 87 социалдык объект кошулган. Ошол эле учурда жаңы аймактарда социалдык объектилердин жетишсиздиги, жолдордун жана инженердик тармактардын начар абалы аныкталган.

Бул маселелерди чечүү үчүн шаардын 4 району боюнча 5 жылдык Иш-чаралар планы иштелип чыгып, социалдык, жол жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү каралган. План республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, муниципалдык ишканалардын жана башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

Токтом долбоору боюнча сунуштарды 2026-жылдын 3-февралына чейин bishkek.atr@gmail.com дарегине жөнөтүүгө болот. Документ bishkek.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу

Салык төлөбөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды

Салык төлөбөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салык органында каттоодон өтпөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик Салык кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, салык төлөгөн компаниялар катары Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Telegram, Twitch, Valve, Sony, Epic Games, Electronic Arts, VK жана Dropbox көрсөтүлгөн. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары бул компанияларга

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, автомобиль жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Анда курулуш аянттарындагы иштердин жүрүшү каралып, жакынкы мезгилге карата милдеттер аныкталды. Өзгөчө көңүл "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана В-1 станциясынын жанындагы лыжа

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде алгачкы 11 бейтапка сүйлөө процессорлору тапшырылды. Адистер аппараттарды ар бир алуучунун өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп,