Дарыянын суусун булгаган адамга 10 миң айып пул салынды

Дарыянын суусун булгаган адамга 10 миң айып пул салынды

Социалдык тармактарга тараган видеодон кийин Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда дарыяны булгаган жаранга карата Ош облустук Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан айып пул салынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам текшерүүгө интернетке кеңири тараган жарнамалык видеоролик негиз болгон. Видеодо бир эркек киши килемдин үстүнө атайылап боёк куюп, андан соң килемди түз эле тоо дарыясынын агын суусунда жууп жатканын көрүүгө болот. Инспекторлор видеонун авторун аныкташып, ал жаран Б. у. Б. экени белгилүү болгон. Ал бул контентти килем буюмдарын жарнамалоо максатында тартканы аныкталды.

Ведомство бул аракеттерди экологиялык талаптарды бузуу катары баалады. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесинин негизинде жаранга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Текшерүүдөн жана түшүндүрүү иштеринен кийин тартип бузган жаран күнөөсүн мойнуна алган. Ал Instagram социалдык тармагында кайрылуу жарыялап, айлана-чөйрөгө зыян келтирген аракеттери үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media