Кыргызстан менен АКШ транс улуттук кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен АКШ транс улуттук кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

КРнын Башкы прокуратурасында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана АКШнын Юстиция министрлигине караштуу DEA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, жолугушууда айрым кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү маселелери, анын ичинде өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби жана практикалык аспектилери талкууланды.

Тараптар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө DEA менен түздөн-түз кызматташууну өнүктүрүүгө, маалымат алмашууну кеңейтүүгө жана компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган