Ош облусунун сот системасында “жалган кызматкерлер” иштегендиги аныкталды

Ош облусунун сот системасында “жалган кызматкерлер” иштегендиги аныкталды

Ош облусунун сот системасындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК тергөө иш-чараларын жүргүздү. Анын алкагында Ош облусунун административдик сотунун кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларынын далилдери аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, алар документтерди жасалмалоо жана соттун аппаратына “жалган кызматкерлерди” жумушка орноштуруп келишкен.

Тактап айтканда, О.Н.О., А.у.Б. жана К.у.Б. Ош облусунун административдик сотунда иштеп жүргөндө, “жалган кызматкерлерди” пайда кылып, эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү менен мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу кутумга барганы аныкталган.

Аталган жарандардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кеткен, ал эми Ош облусунун административдик сотунун жамаатында терс моралдык-психологиялык климат түзүлгөн.

КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын чогулткан материалдары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media