Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жер тилкеси бөлүнөт

Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жер тилкеси бөлүнөт

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда элчиликтер үчүн имараттарды жана жер тилкелерин өз ара акысыз пайдаланууга берүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевге шилтеме берүү менен жазды.

Мыйзам долбоору эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктарын камсыз кылуу максатында даярдалган. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин айтымында, документ келишимди юридикалык жактан бекемдөөгө багытталган.

Ага ылайык, Казакстан тарабы Астана шаарында Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имарат куруу пландалган 12 сотых жер тилкесин жана жалпы аянты 1267 чарчы метр болгон имаратты 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берет.

Өз кезегинде Кыргызстан Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан, учурда Казакстандын элчилиги колдонуп жаткан 75 сотых жер тилкесин, ошондой эле "Ала-Арча" турак жай комплексиндеги аянты 531 чарчы метр болгон коттеджди өткөрүп берди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media