Бишкек менен Дүйнөлүк банк таза аба долбоорлорун талкуулады

Бишкек менен Дүйнөлүк банк таза аба долбоорлорун талкуулады

Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэри Айбек Джунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча айлана-чөйрө маселелери боюнча практика менеджери Гаяне Минасян менен жолугушуу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиргендей, жолугушууда "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан демилгелер талкууланды. Алардын арасында "Жашыл алкак" концепциясын иштеп чыгуу, турак жай секторуна жылуулук насосторун пилоттук негизде киргизүү жана экологиялык багыттагы башка иш-чаралар бар.

Шаар мэри борбор калаада жүргүзүлүп жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, эко-технологиялык заводду куруу жана иштетүү, жылуулук чарбасындагы муниципалдык ишканаларды модернизациялоо, ошондой эле Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын нугун тазалоо иштери белгиленди.

Мындан тышкары, шаарды көрктөндүрүү максатында 50 миң даана көчөт материалы келип түшкөнү айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу багытында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты. Министрлер Кабинетинин

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 104,6-197,6-чакырымдарындагы IV фазаны реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жолдогу иштердин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Учурда курулуш иштерине

Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын ситетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын ситетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көл облусунда кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Рейддик иш-чара Өрүктү жана Чоң-Өрүктү айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык тор суудан чыгарылды. Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип,

Чүйдө милиция кызматкерлери жаранга ооруканага жетүүгө көмөктөштү

Чүйдө милиция кызматкерлери жаранга ооруканага жетүүгө көмөктөштү

Чүй облусунда милиция кызматкерлери жол тыгынынан улам ооруканага жетүүгө үлгүрбөй жаткан жаранга көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милициянын кенже сержанты А. Доктурбеков жана милиция сержанты Э. Турусбеков кызмат өтөп жүргөн учурда жардам сурап кайрылган жаранга жолуккан. Жаран жол