Кыргызстан менен Түркия курулуш тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Түркия курулуш тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолугушту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын салттуу достук мамилелери, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле курулуш тармагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Нурдан Орунтаев түрк компанияларынын Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, турак жай жана инфраструктуралык курулушта, айрыкча жогорку сейсмикалык активдүүлүктү эске алуу менен коопсуз жана туруктуу объектилерди долбоорлоо багытында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын элчиси түрк тарап эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө жана кызыкчылык жараткан багыттар боюнча ишти улантууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media