Кытайдан почта аркылуу келе жаткан балык уулоочу торлор табылды

Кытайдан почта аркылуу келе жаткан балык уулоочу торлор табылды

«Түндүк» темир жол бажысынын «Темир жол Бекети» бажылык тариздөө аймагында Кытай Эл Республикасынан келген почта аркылуу жөнөтмөлөрдү текшерүү учурунда КРна ташып кирүүгө тыюу салынган, балык уулоочу торлорду табышкан. Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери жалпы салмагы 11,80 кг түзгөн синтетикалык торду аныкташты.

Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, «Р.К.» ЖЧКсынын өкүлү бул категориядагы товарларды ташып кирүүгө КРда тыюу салынгандыгы тууралуу кабары болбогондугун түшүндүргөн.

Бул факт КРнын мыйзамдарын бузуу болуп саналат жана аныкталган факт боюнча материалдар белгиленген тартипте кошумча иликтөөгө алынат.

Эске салсак, мындай чаралар КРнын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар» жөнүндө №131 Жарлыгына, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media