Нарында бийик тоолуу аймактар үчүн жаңы жөлөкпулдун берилиши текшерилди

Нарында бийик тоолуу аймактар үчүн жаңы жөлөкпулдун берилиши текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Нарын облусуна жумушчу сапар менен барып, министрликтин аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жана жаңы мамлекеттик ай сайынкы жөлөкпул — "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" (БТК) жөлөкпулун дайындоо процесси менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын алкагында министр Кочкор районуна барып, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ишин көрдү. Ал жөлөкпулду дайындоого тартылган кызматкерлер менен жолугушуп, жарандардын арыз берүүдө жана төлөмдөрдү тариздөөдө туш болуп жаткан маселелерин жеринде изилдеди.

Маалыматка ылайык, учурда Кочкор районунда 930 жаранга БТК жөлөкпулу боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү пландалган.

Ошондой эле жумушчу сапардын жүрүшүндө аймактык бөлүмдөрдүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Калкты тейлөө борборлору (КТБ) менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдуулугун камсыздоого багытталган.

Сапардын жыйынтыгында социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жер-жерлерде жаралган маселелерди өз убагында чечүү боюнча кошумча чаралар иштелип чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media