Pronova компаниясы Кыргызстанда гидропоника жана күнөскана долбоорлорун ишке ашырууну пландоодо

Pronova компаниясы Кыргызстанда гидропоника жана күнөскана долбоорлорун ишке ашырууну пландоодо

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Б.Т.Бекболотов эл аралык "Pronova" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда заманбап агротехнологияларды киргизүү маселелери, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн гидропондук ыкма менен өстүрүү, күнөскана чарбаларын өнүктүрүү жана сапаттуу көчөт материалдарын алуу үчүн in vitro технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Pronova" компаниясынын өкүлдөрү жогорку натыйжалуу өсүмдүк өстүрүү багытындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда гидропондук системаларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагында соода жүгүртүү 28,7 млрд сомду түздү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагында соода жүгүртүү 28,7 млрд сомду түздү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында ресторандар, барлар жана тамак-аш жеткирүү кызматтарынын жүгүртүүсү 28 млрд 714,6 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3% өскөн. 2026-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстандагы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн

Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат

Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат

Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева лицейдин ачылышына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты. Ошондой эле мугалимдерди сынактык негизде кабыл алуунун маанилүүлүгүнө

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” эл аралык аба майданы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен келишим түзгөн расмий такси компаниялары гана иштей алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирген. Анын айтымына караганда, таксилер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, автопарк жаңы жана бренддүү болушу керек.  Самидинов аба майданы өзүнүн такси кызматын түзүүнү

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда маданий, спорттук жана салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында негизги иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, анда майрамдык салтанат жана күндүзгү концерттик иш-чара уюштурулат. Ал эми Жээк аллеясында шаар тургундары жана