Кытай Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултуучу завод курууга кызыкдар

Кытай Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултуучу завод курууга кызыкдар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Кытайдын Айыл чарба машиналарын куруу ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Лю Хуаньли баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда айыл чарба техникасы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар айыл чарба техникасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөлөргө кыргыз тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле мындай көргөзмөлөрдү Кыргызстандын аймагында өткөрүү перспективаларын карап чыгышты.

Кытай тарап Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарба техникасынын көргөзмөлөрүн өткөрүүчү регионалдык борбор түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Бул демилге аймактагы өлкөлөрдүн тажрыйба алмашуусуна жана заманбап техникаларды жайылтууга өбөлгө түзмөк.

Мындан тышкары, кытай делегациясы Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултуучу завод курууга кызыкдар экенин билдирди. Бул долбоор ишке ашса, айыл чарба тармагын механизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media