Мэр Бишкектеги суу менен камсыздоо объекттерин текшерилди

Мэр Бишкектеги суу менен камсыздоо объекттерин текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев орун басарлары менен биргеликте борбор калаадагы бир катар суу менен камсыздоо объекттерин кыдырды.

Муниципалитеттен билдиргендей, "Орто-Алыш" суу алуучу жайындагы иштер текшерилди. Бул жерде кошумча суу көлмөлөрүн тазалоо жүрүп, учурда 11 көлмөнүн 4өөсү тазаланды. Иштерге 8 экскаватор жана 5 самосвал тартылган. Аталган объект суткасына 8 600 кубометр суу берип, Бишкек калкынын болжол менен 40%ын камсыздайт.

Кыдыруунун жүрүшүндө мэр жайкы мезгилде шаардыктарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн оңдоо иштерин мөөнөтүнөн эрте баштоону жана тиешелүү мекемелердин ишин так координациялоону тапшырды. Ошондой эле "Бишкексууканал" ишканасына суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча чараларды күчөтүү милдети жүктөлдү.

Андан соң "ХБО" суу алуучу жайы каралды. Реконструкциядан кийин бул жерде 5 скважина иштеп жатат. Анын ичинен 3 скважина оңдолуп, кубаттуулугу саатына 160 кубометрден болгон 2 жаңы скважина бургуланган. Ошондой эле экинчи көтөрүлүштөгү 4 насос агрегаты орнотулган.

Объект Көк-Жар конушунун жана бир катар көчөлөрдүн тургундарын ичүүчү суу менен камсыздайт. Иштер пландалган мөөнөттөн эрте — 2025-жылдын декабрь айында толук аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 908,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт. Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда. Анын ИДПнын өсүшүнө

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Баткен облусунун Майдан айылында сууну натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелер агенттиги" коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аймактагы негизги суу булагы болгон "Бант суусу" каналынын 1320 метрин оңдоо каралган. Учурда курулуш иштерине 55 жергиликтүү тургун

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай ишканалары 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Өндүрүш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өсүш тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө 2,4%ды, негизги металлдарда 8,5%

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абад облусунун 2026-жылдагы титулдук тизмесине жалпы 139,5 чакырым жол киргизилип, учурда анын 57%дан ашууну аткарылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык салымдар беренесинин алкагында дагы 648 чакырым жолдо курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган иштердин негизги максаты — калктуу конуштар арасындагы транспорттук байланышты