Нарын областынын прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Нарын областынын прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Башкы прокурор Максат Асаналиевдин катышуусунда Нарын областынын жана Нарын районунун прокуратураларынын жаңы административдик имараттарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев бул объекттер укук коргоо системасын модернизациялоого жана аймактардагы мамлекеттик институттардын ишин жакшыртууга багытталган системалуу мамлекеттик саясаттын алкагында курулганын белгилеп, жаңы имарат прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн арттырарын билдирди.

Өз кезегинде Башкы прокурор М.Асаналиев жаңы имараттар прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жаңыдан пайдаланууга берилген административдик имараттар заманбап талаптарга жооп берип, кызматтык бөлмөлөр, жарандарды кабыл алуу үчүн шарттар жана ишмердүүлүк жүргүзүүгө зарыл болгон бардык инфраструктура менен камсыздалган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду