Улуттук онкология борбору толук кандуу иштеш үчүн 4,5 млрд сом керек

Улуттук онкология борбору толук кандуу иштеш үчүн 4,5 млрд сом керек

Акыйкатчы институту Улуттук онкология жана гематология борборунда (УОГБ) жана УОГБнун балдар онкология бөлүмүндө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча онкологиялык жардам көрсөтүүдө системалуу көйгөйлөр бар экенин билдирип, мамлекеттик органдарды жарандардын ден соолукту сактоого болгон конституциялык укугун камсыздоого чакырды.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, онкологиялык кызматтын каржылык камсыздалышы реалдуу муктаждыктарга жооп бербейт. Борбордун толук кандуу иштеши үчүн 4,5 млрд сом талап кылынат. Ошол эле учурда, 2024-жылы каржылоо 176 млн сомду, ал эми 2025-жылы болгону 800 млн сомду түзгөн.

Омбудсмен институту дары-дармек менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Мониторинг учурунда ооруканада 80 аталыштагы өмүр үчүн зарыл болгон дары-дармектер жетишсиз экени аныкталган. Онкологиялык кызматты дары-дармек менен толук камсыз кылуу үчүн кеминде 2,5 млрд сом керек. Институт бул тартыштыкты жеткирүүлөрдүн кечеңдеши жана "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан жетишсиз сатып алуулар менен байланыштырды.

Мониторинг ошондой эле нур терапиясы жана медициналык жабдуулар боюнча олуттуу көйгөйлөрдү аныктады. Акыйкатчынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын август айында эки линиялык ылдамдаткычтын иштен чыгышына байланыштуу 34 бейтап нур терапиясын баштоону күтүп турган. Дарылоо ошол мезгилде эскирген “Бабатрон” аппараты аркылуу гана жүргүзүлгөн.

Омбудсмен институту белгилегендей, учурда өлкөдө линиялык ылдамдаткычтар Бишкек шаарында гана бар. Эл аралык стандарттарга ылайык, калкы болжол менен 7 млн адамды түзгөн өлкө үчүн кеминде 20 даанамындай аппарат талап кылынат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media