25 жылдан бери оор кылмыш менен издөөдө жүргөн жаран кармалды

25 жылдан бери оор кылмыш менен издөөдө жүргөн жаран кармалды

Талас РИИБнын өкүлдөрү 25 жылдан бери оор кылмыш менен издөөдө жүргөн кылмышкерди колго түшүрүштү. Бул тууралуу Талас ИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Талас районунун 1972-ж.т тургуну К.Кга карата 2000-жылдын 6-декабрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-бер. 1-бөл. (1997-ж. ред.) (Зордуктоо) фактысы менен кылмыш иши козголгон. 2000-жылдын 11-декабрында Талас райондук прокуратурасы тарабынан айыпкер К.К. карата бөгөт коюу чарасы камак түрү тандалып алынып, ага карата издөө жарыяланып, кармалган жерден камакка алуу токтому кабыл алынган.

Кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине кирген өзгөртүүлөрдүн негизинде, аталаган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖКнин 129-бер., 1-бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-бер., 2-бөл., 3-п., менен квалификациялган.

Айыпкер К.К 25 жылдан бери, издөөдө жүрүп, Талас РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 2024-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынан кармалып, кылмышкерди экстрадициялоо иштери жүргүзүлгөн. 2026-жылдын 1-февраль күнү Кыргыз Республикасына алып келинип, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

0:00
/0:20

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.