Альтернативдик кызмат өтөө акысын жогорулатуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Альтернативдик кызмат өтөө акысын жогорулатуу  мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети "Жалпы аскердик жана альтернативдүү милдет өтөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карады. Отурумга Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, маалымат беришти.

"Бир айлык кызматка барып, милдет өтөп, аскер билетин алуу үчүн 50 миң сом алынат. Бирок бул акча ал балдардын өздөрүнүн кийим-кече, тамак-ашынан ашпай калып жатат. Ошондуктан, бааларды көтөрүү сунушталып жатат", - деп билдирди министрликтин өкүлү.



Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, 22-40 жаш ортосундагы куракта альтернативдүү аскердик милдет өтөп, бирок резервдик мобилизациядан өтүүнү каалагандар үчүн 50 миң сомдон 75 миң сом, 30 жашка чейинки, жогорку билимдүү жарандар офицердик курамга кирүү максатында резервдик мобилизацияга барууну каалагандар 70 миң сомдон 90 миң сомго чейин төлөйт.
Ал эми үй-бүлөлүк шартынан улам, альтернативдүү аскердик милдет өтөө үчүн 18 миң сомдон 25 миң сомго чейин, ал эми ден соолугуна байланыштуу альтернативдүү аскердик милдет өтөөгө 25 миң сомдон 40 миң сомго чейин төлөйт. Диний ишенимине байланыштуу аскердик милдет өтөөдөн баш тарткандар 48 сааттык коомдук ишке тартылып, 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин төлөшөт.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты