Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат төлөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштады

Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат төлөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштады

Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат үчүн төлөнүүчү жыйымдардын өлчөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштап жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамга барууга болбойт. "Бул жакыр жарандар үчүн абдан оор болот. Адатта, кандай гана баа жогорулабасын, ал биринчи кезекте алардын капчыгына сокку урат", — деди эл өкүлү.

Буга чейин маалымдалгандай, үй-бүлөлүк жагдайларына байланыштуу альтернативдик кызмат өтөгөн жарандар үчүн төлөм 18 миң сомду, ал эми саламаттыгына байланыштуу чектөөлөрү бар деп табылган жарандар үчүн 25 миң сомду түзөт. Мыйзам долбоорунда бул суммаларды тиешелүүлүгүнө жараша 25 миң жана 50 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Ошондой эле курал колдонууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө тыюу салган диний уюмдарда каттоодо турган жарандар үчүн альтернативдик кызмат акысынын өлчөмүн 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин көбөйтүү каралган.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурдагы эсептик көрсөткүчтөр 2017-жылы бекитилген. Жаңы төлөм өлчөмдөрүн азыркы экономикалык өсүштү жана инфляцияны эске алуу менен өзгөртүү сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media