Кыргызстанда унаа сатуунун жаңы онлайн платформасы Tapcar.kg ишке киргизилди

Кыргызстанда унаа сатуунун жаңы онлайн платформасы Tapcar.kg ишке киргизилди

Унаа сатуу жана сатып алуу үчүн бул жаңы платформа жарнаманы тез жарыялоону, ЖИ-жардамы менен аны түзүү жана ыңгайлуу издөөнү сунуштайт.

Кыргызстанда Tapcar.kg жаңы автоунаа маркетплейси иштей баштады - бул жасалма интеллект технологиясын колдонуу менен унааларды ылдам жана ыңгайлуу сатуу жана сатып алуунун санариптик платформасы.

Tapcar аталышы сервистин мазмунун чагылдырат. Ал кыргызча “tap”-“тап” деген сөздөн жана англисче “car” – “автоунаа” деген сөздөн келип чыккан. Башкача айтканда, “автоунаа табуу” дегенди билдирет. Платформа жеке сатуучуларга да, автодилерлерге да арналган. Ал иштей баштагандан бери эле бюджеттик моделдерден баштап премиум сегментине чейинки ар кандай категориядагы унаалар үчүн миңдеген жарнамалар жайгаштырылды.

“Tapcar.kg жөнөкөйлүккө, ылдамдыкка жана ачык-айкындуулукка басым жасоо менен түзүлгөн. Биздин максатыбыз - Кыргызстандагы онлайн автоунаа сатуу рыногун жеткиликтүү кылып, жарнамаларды жайгаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп, жеке сатуучулар менен автоунаадилерлер үчүн кирүү тоскоолдуктарын азайтуу болуп саналат», - деп белгилешти долбоордун командасынан.

Автоунаа рыногуна кирүү үчүн татаал катталуу талап кылынбайт - ага кирүү форманы толтуруусуз эле, телефон номери аркылуу жүргүзүлөт. Жарнамаларды жайгаштыруу акысыз жана жайгаштыруу бир мүнөткө жакын убакытты талап калат.

Санариптик платформанын дагы бир негизги өзгөчөлүгү ЖИ- технологияларын колдонуу. Бул технологиялар автоунаалардын сүрөттөмөлөрүн, түзүлүшүнүн мүнөздөмөлөрүн автоматтык түрдө түзүүгө жана жакшыртууга, ошондой эле жарнамадагы каталарды жана так эместиктерди азайтууга жардам берет. Ыңгайлуу издөө жана фильтр сизге ылайыктуу сунуштарды тез табууга мүмкүндүк берет.

Платформа мобилдик жабдууларга толук ыңгайлаштырылган веб-версияда, ошондой эле iOS жана Android үчүн мобилдик колдонмо түрүндө жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media