Россиянын "кара тизмесинде" 91 миң кыргызстандык бар

Россиянын "кара тизмесинде" 91 миң кыргызстандык бар

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев  эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында Россиянын Миграция кызматынын "кара тизмесинде" канча кыргызстандык бар экенин сурады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев учурда 91 миң кыргызстандык ушул тизменин ичинде экенин билдирди.

Депутат ошондой эле, айрым жарандардын бузган эрежелери "жөнөкөй" болуп эсептелген учурда маселени жөнгө салуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты.

Министрдин айтымында, бул боюнча түнкүсүн-түнкүдөй туруктуу иштер жүргүзүлүп, айрым учурларда макулдашууга жетишкен учурлар болот.

"Биз ЕЭКтин мүчөлөрүбүз, бирок уюм чегиндеги айрым макулдашуулар сакталбай келет. Мындай кызматташтык бизге керекпи? Биз мигранттардын маселесин чечүү үчүн бириктик", — деди Кылычбаев.

Сагынбаев бул маселелер ЕЭКтин алкагында дайыма карала турганын айтты жана Президент Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен жолугушуусунда да бул маселе көтөрүлгөнүн кошумчалады. "Ар бир учурда биз бул тууралуу айтып келебиз. Жакында мен Россияга барып, кесиптешим менен жолугушам, анда дагы кыргыз мигранттарынын маселеси талкууланат", — деди министр.

Ошондой эле министр Россияда миграциялык эсепте 341 миң 91 кыргызстандык катталганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media