Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн Ж.у. С. аттуу жаран сот чечими менен эки жылга эркиндигинен ажыратылганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кечээ маалымдады.

Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде карызкор Ж. у. С. баласы 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин 4/1 бөлүгүн төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай ал алимент төлөөдөн качып келген.

2025-жылдын 1-сентябрына карата алимент боюнча карызы 501 821 сомду түзгөн. Ишти Баткен райондук соту карап, 2025-жылы 22-октябрда ага 2 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган.  Жабыркаган тарап соттун бул чечимине макул болбой, жогорку сот бутагына кайрылган.

Баткен облустук соту 2-февралдагы өкүмү менен биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды жана карызкор А. у. Ж. эки жылга эркиндигинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media