Арчалы айылында балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Арчалы айылында балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана адистештирилген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан "Максат" реабилитациялык борборунун базасында реабилитология боюнча билим берүүчү жана илимий-усулдук функциялары бар заманбап реабилитациялык шаарчаны долбоорлоо жана куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүнүн алкагында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов "Максат" борборуна барып, анын материалдык-техникалык базасы, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шарттары жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө арналган аймак менен таанышты.

Маалыматка ылайык, шаарчада церебралдык шал оорусу, аутизм спектринин бузулуусу, Даун синдрому жана өнүгүүнүн кечигүүсү менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүү каралган.

Ал эми курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация борборлору, коррекциялык борборлор, 150 орундуу БЦШО борбору, ата-энелер жана кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүү жана усулдук блок кирет.

Реабилитация залдары, бассейн, физикалык терапия, массаж, логопедия, эрготерапия, психология кабинеттери, ачык оюн аянтчалары жана ат менен өз ара аракеттенүүгө негизделген иппотерапия элементтери каралган. Ишмердүүлүк далилдүү медицина, көп тармактуу ыкма жана үй-бүлөнүн активдүү катышуусу менен түзүлгөн индивидуалдык программаларга негизделет.

Долбоор балдардын саламаттыгын коргоо, медициналык реабилитацияны өнүктүрүү жана адистерди даярдоо боюнча улуттук компетенция борборун түзүүгө багытталган жана өлкөнүн региондорунда үлгү катары жайылтылат, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media