ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөл жол-жоболорунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Атап айтканда, фитосанитардык сертификаттарда карантиндик продукцияны алуучуларды туура эмес көрсөтүү фактыларын алдын алуу боюнча чаралар каралды. Бул Бирликтин аймагында продукциянын кыймылын так көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле өзгөртүүлөр ЕАЭБдин аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга, айыл чарба өндүрүшүн коргоого жана карантиндик объекттердин жайылышын алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media