Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү бир нече инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү бир нече инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Тору-Айгыр айылындагы жаңы таза суу системасын ишке киргизүү аземи болду. Ал аткарылган иштердин сапатын жогору баалап, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн айылды суу менен камсыздоо инфраструктурасына инвестицияны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан кийин Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү. Ал ат майдандын аянтчасын карап чыгып, негизги жерлерди тандоо боюнча тапшырмаларды берип, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аларды даярдоо боюнча талаптарды белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мындан аркы иштерди координациялоо жана долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген