Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги менен болгон мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендигин белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы жигердүү жана конструктивдүү диалогду жогору баалаган Атайын өкүл Эдуардс Стипрайс ЕБ экономикалык, социалдык жана транспорттук өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган сапарларды жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган мүмкүн болуучу биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Атайын өкүл Э. Стипрайс Бишкек шаарына Европа Бирлиги – Борбордук Азия жарандык коомунун 6-форумуна катышуу үчүн келди.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media