Кыргызстан менен Пакистан агрардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Кыргызстан менен Пакистан агрардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде вице-министр Бектен Бекболотовдун Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар айыл чарба, соода жана халяль-индустрия багыттарындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандык буурчакты Пакистан рыногуна экспорттоону кеңейтүүгө жана айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүүгө бурулду.

Пакистан тарап сүттү кайра иштетүү жана сүт өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Пакистан Техникалык жардам программасы (PTAP) алкагында айыл чарба жана токой чарбасында кыска жана узак мөөнөттүү окуу курстарын сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жооптуу байланыштуу адамдарды дайындоо, техникалык эксперттердин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, бал жана кургатылган жемиштер менен сооданы өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды илгерилетүү жана эксперттик консультацияларды улантуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media