Кыргызстанда топоз багуу келечектүү багыт катары каралууда

Кыргызстанда топоз багуу келечектүү багыт катары каралууда

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 61 650 баш топоз катталган. Алар негизинен Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу жайыттарында багылат. Бул аймактар экологиялык шарттары менен топоз багууга ылайыктуу. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Топоздор жыл бою жайытта багылып, −40°С чейин болгон суукка жана башка кескин климаттык шарттарга жогорку туруктуулук көрсөтөт. Алар эт, сүт жана жүн багытында пайдаланылып, бийик тоолуу аймактарда туруктуу өндүрүм берет.

Климаттын өзгөрүшү жана жайыттардын деградациясы күч алган шартта, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги топоз багууну келечектүү багыт катары кароодо. Топоздор деңиз деңгээлинен 2000–4500 метр бийиктикте кадимки мал чыдабаган шарттарда жашап, өндүрүм бере алат.

Учурда Улуттук илимдер академиясы жана Министрликке караштуу илимий-изилдөө институттары тарабынан ак топоздорду апробациялоо жана породалык топ катары таануу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта Тон районундагы Т. Акматов атындагы "Жайчы" чарбасынын базасында изилдөөлөр жүрүп жатат.

Мындан тышкары, фермерлер Баатырбек жана Таштанбек Акматовдор 2003-жылдан бери ак топоздорду селекциялоо менен алектенип, жогорку натыйжаларга жетишүүдө. 2025-жылы "Агродиалог–2025" форумунда Баатырбек Акматов ак топоз өстүрүү боюнча "Чемпион" деп табылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.