Тору-Айгырда 62 млн сомдук таза суу долбоору ишке кирди

Тору-Айгырда 62 млн сомдук таза суу долбоору ишке кирди

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында таза ичүүчү суу системасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында айылдын суу менен камсыздоо системасы толук реконструкцияланып, жалпы сметалык баасы 62 млн 80 миң сомду түзгөн объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө 15 чакырымдан ашык суу түтүк тармагы тартылып, ар бири 300 м³ көлөмүндөгү эки темир-бетон суу резервуары курулду. Ошондой эле 12 өрт өчүрүүчү гидрант, 600 суу эсептегич орнотулуп, бактерициддик тазалоо системасы бар имарат салынды.

Жыйынтыгында 600 үй чарбасы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.

Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан ишке ашырылды. Система бардык техникалык жана санитардык талаптарга жооп берип, пайдаланууга даяр.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Кыргызстандын банк секторунун суммардык активдери үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында масштабдуу өсүштү көрсөттү. 2026-жылдын башынан бери 30,2%га өсүп - 1 трлн 577,3 млрд сомду түздү. Мында билдирүүнү Улуттук банктын басма сөз кызматы жарыялады. Билдирүүгө караганда, июнь айынын аягына карата КРда  26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш

Бишкекте 1200 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте 1200 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Алардын бири – Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 1200 орундуу мектеп. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим

Мектептердин окуу жылына даярдыгы боюнча кеңешме өттү

Мектептердин окуу жылына даярдыгы боюнча кеңешме өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады. Күн тартибинин дагы бир маанилүү маселеси республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын келе жаткан окуу жылына даярдыгы болду. Адылбек Касымалиев өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин учурдагы

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Кыргызстан Кытайдан 10 миң тонна жер семирткич алууну пландоодо

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлду. Министрликтин маалыматына ылайык, документке "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек