Б.Төрөбаев: 3 жылда Ысык-Көл облусунда таза суу маселеси чечилет

Б.Төрөбаев: 3 жылда Ысык-Көл облусунда таза суу маселеси чечилет

Ысык-Көл облусунда таза суу маселеси 3 жылдын ичинде толук чечилерин МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисинин  билдирди.

"Акыркы эки жылдын ичинде биз бул жоопкерчиликти толугу менен өзүбүздүн мойнубузга алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 600 айылда таза суу системаларын куруу иштери башталды. Бул — мамлекеттин элдин турмуш сапатын жакшыртууга багытталган приоритеттүү саясатынын жыйынтыгы", — деди Бакыт Төрөбаев.

Министр белгилегендей, таза суу жана саркынды суу объекттерин куруу жана модернизациялоо иштери президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. 2021-жылдан бери бул тармакка республикалык бюджеттен жана инвестициялык булактардан жалпы 512 млн доллар тартылган.

"Учурда 600 айылда жана 25 шаарда курулуш долбоорлору иштелип чыгып, 40 айылда таза суу системалары курулуп жатат. Ошондой эле 3 шаарда саркынды сууларды чыгаруу үчүн канализациялык системалар салынып жатат.

Ысык-Көл облусу боюнча учурда 72 айылда таза суу маселеси толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Калган айылдар боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Министрдин айтымында, үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу маселеси толук чечилет", - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media