Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын январь айында республика боюнча 62 курулуш объектисине техникалык корутундулар берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Берилген корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги мааниге ээ.

Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды, анын ичинде социалдык инфратүзүм объектилерин камтыды.

Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженер-адистер тарабынан жүргүзүлүп, учурдагы имараттарды реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүнө техникалык баа берүүгө жана курулуш иштеринин коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Мындай иштер курулуш тармагында коопсуздукту жогорулатууга жана жер титирөөгө туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды